Биз менен байланышыңыз

Быйыл бюджеттен Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат

Кыска кабар | 1 Апр 2023 | 234 | 0

Быйыл республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 млрд 116 млн 731,8 миң сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Каражаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

— Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом;

— Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом;

— ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом;

— Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – 28,4 млн сом;

— Региондорду өнүктүрүү фондуна – 50 млн сом;

— Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 33,3 млн сом;

— Губернатордун резервдик фондуна – 3,7 млн сом;

— Районду өнүктүрүү фонддоруна – 86,5 млн сом;

— Райондук мамлекеттик администрацияларга (акимчиликтер) – 67,2 млн сом;

— Акимдердин резервдик каражаттарына – 2,5 млн сом каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM