Connect with us

Кыргызстан менен Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары жолугушту

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 164 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 17-мартта Ташкент шаарында өзбек кесиптеши Виктор Махмудов менен бирге Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы консультациялардын экинчи турун өткөрдү.

Консультациялардын жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы күрөшүү жаатындагы биргелешкен чаралар, аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, чек арага жакын аймактарда табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу жана аларды тез арада жоюу жаатында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов белгилегендей, бул иш-чара мамлекет башчыларынын тынчтыкты колдоочу саясатынын логикалык уландысы болуп саналат. Эл аралык чыңалган кырдаалда ырааттуулукту камсыз кылуу жана зарыл натыйжаларга жетишүү үчүн эки өлкөнүн бардык ыйгарым укуктуу органдары менен кызматтарынын ортосунда туруктуу жумушчу байланыштар талап кылынат.

Консультациялардын жыйынтыгында тараптар коопсуздук, оперативдүү маалымат алмашуу, тренингдерди жана машыгууларды өткөрүү жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча кошумча эки тараптуу кадамдарды белгилеген протоколго кол коюшту, ошондой эле өсүп келе жаткан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн көп тараптуу аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Консультациялардын биринчи раунду 2019-жылдын май айында Бишкекте өткөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM