Connect with us

Грузияда «чет элдик агенттер боюнча» мыйзам долбоору чакыртып алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2023 | 461 | 0

Грузияда массалык нааразылыктарга алып келген «чет элдик агенттер» боюнча мыйзам долбоору парламенттен чакыртып алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы, «Эл бийлиги» коомдук кыймылы жана парламенттик көпчүлүк биргелешкен билдирүү таратты.

«Кабыл алынган мыйзам долбоору коомдо кайчы пикирлерди жаратканын көрүп жатабыз. Мыйзам долбоору терс өңүттө көрсөтүлүп, калктын белгилүү бир бөлүгүн адаштырганга жетишти. Мыйзам долбооруна «Россия мыйзамы» деген жалган жалаа жабылып, анын биринчи окууда кабыл алынышы коомчулукта европалык багыттан чегинүү катары бааланды», — деп айтылат тараптардын биргелешкен билдирүүсүндө.

Грузияда «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары 7-мартта башталган. Акция 8-мартта да уланып, демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышканда полиция көздөн жаш агызган газ, суу чачып тараткан.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Грузиядагы нааразылык акцияларынын курчушуна жол бербөөгө чакырды. Ошондой эле маалымат каражаттарынын тоскоолдуксуз иштешинин жана жарандык коомдун ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жарандардын тынч митингге чыгууга укугу бар экенин белгилеп өткөн.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкө жетекчилигин демонстранттарга күч колдонбоого чакырып, мыйзам долбоору парламентте кабыл алынса, вето коюуга убада берген.

Грузияда сунушталып жаткан «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамга ылайык, сырттан 20%дан ашуун каржылоо алган бардык уюмдар «чет элдик агент» деген каттоодон өтүүгө милдеттендирилет. Документ кабыл алууга 76 депутат «макул», 13 депутат «каршы» добуш берген.

Copyright © 2017 Maral FM