Кыргызгидромет билдиргендей, 5-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашым мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22,
Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…+2.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +20…+25 градус болот.