Биз менен байланышыңыз

Президент Талас облусуна жаңы өкүлүн дайындады

Кыска кабар | 4 Мар 2023 | 263 | 0

Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бидирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Нурлан Дарданов Таластын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында 1975-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Нурлан Дарданов — прокуратура тармагында иштеген адам. Ал 2018-жылдын 30-майында башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалып, 2020-жылдын 11-ноябрында Садыр Жапаров аны кызматтан алган.

Эскерте кетсек, президенттин дагы бир жарлыгы менен Бакытбек Нарбеков президенттин Таластагы өкүлү кызматынан бошотулгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM