Connect with us

Нурланбек Шакиев АКШ элчиси менен виза маселесин сүйлөштү

Кыска кабар | 3 Мар 2023 | 323 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык алакаларын арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

«Акыркы жылдары пандемиядан улам солгундап кеткен Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы мамилени өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Андыктан алгачкы кадам катары Демократия үчүн өнөктөштүк комиссиясынын алкагында АКШ Конгрессинин алдында «Кыргызстандын достору» тобун түзүүнү каалайбыз. Ошондой эле парламенттик делегациялардын эки тараптуу иш сапарларын уюштуруп, биргелешип иш алып баруу учур талабы», – деди Нурланбек Шакиев.

Ал мындан тышкары кыргыз-америка бизнес форумун уюштуруу керектигин айтып, Американын компанияларын Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып кетүүгө чакырды. Ошондой эле төрага Америкага виза алуу шарттарын жеңилдетүү менен анын колдонуу мөөнөтүн узартуу сунушун берди.

АКШ элчиси виза маселесине токтолуп, жакында эле виза алууга кетүүчү убакытты 2 жылдан 60 күнгө кыскартуу чечими кабыл алынганын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM