Connect with us

Катуу шамал болот. 3-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 2080 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-мартта өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Чүй, Талас облустарында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +18…+20 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM