Connect with us

Депутат: Кара-Сууда инвестордун ишине бут тосуу болууда

Кыска кабар | 2 Мар 2023 | 324 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов Ош облусунун Кара-Суу районунда логистикалык борбор салайын деген инвестордун ишине тоскоолдуктар болуп жатканын айтты.

Ал парламенттин 2-марттагы жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, аймактарда инвесторлордун ишине бут тоскондорго чара көрүүгө чакырды.

«Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө логистикалык борбор куруу боюнча чоң долбоорго атайын жер бөлүнгөн. Долбоордун максаты пахта өндүрүү жана дыйкандарды колдоо болуп эсептелет. Аны президент колдоп, 1200 орундуу ишкана, 600 орундуу тигүү цехи ачылмак. Акчасы бар, документтери даяр, бирок бул иштер август айында токтоп калды.

Себеби Кара-Суу прокуратурасы тарабынан айып пул салынып, аны төлөйүн десе, үстүнө дагы айып салып жатат. Башкача айтканда, инвестор курулуштарды баштагандан да көңүлү калып жатат. Азыр дүйнөдө инвесторлорду тартуу боюнча күрөш жүрүп жатканын көрүп жатасыңар. А бизде бир эле инспектор мега долбоордун салынышына тоскоолдук кылууда. Буга чара көрүлүшү керек», — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM