Connect with us

Апрелде директор-завучтардын айлыгы көтөрүлөт

Кыска кабар | 1 Мар 2023 | 1631 | 2

Быйыл мектеп директорлорунун жана алардын орун басарларынын (завучтардын) айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламенттин 1-марттагы жыйынында айтты.

«Мугалимдин кадыр-баркын көтөрбөсөк болбойт. Президент менен Министрлер кабинети бул жагынан чоң кадам жасап, окутуучулардын айлык акысын көтөрдү. Эми 1-апрелден тарта директор жана завучтун айлыгын көтөрүүгө 481 млн сом карап жатат. Бул дагы мугалимге болгон колдоо», — деди Иманалиев.

Президенттин жарлыгы менен 2022-жылы апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулады.

Жогорку Кеңештин 1-марттагы жыйынында билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна сунушталган Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги талкууланууда. Аны 24-февралда президент билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

2 пикир

2 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM