Кыргызстанда 1-марттан баштап бала бакча ачууга лицензия берүү женилдетилет.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев жаңы түзүлгөн «Билимдүү Кыргызстан» демилгесинин жыйынында айтты.
Ал жаңы мыйзам жазып отурбай, жарандык коом жана депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорун министрлик колдой тургандыгын билдирди.
«Билимдүү Кыргызстан» улуттук демилгеси билим берүү өлкөдөгү ар бир жаранга жеткиликтүү болушун максат кылып, бардык тармактагы жарандарды бириктирди. Анын төрагасы: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев.