Connect with us

Акылбек Жапаров: Кыргызстан соода жана транспорт үчүн идеалдуу борбор

Кыска кабар | 28 Фев 2023 | 290 | 0

Кыргызстандын бир нече негизги транспорттук түйүндөрдүн кесилишинде жайгашканы, тагыраагы, Кытайга, Орусияга жана Казакстанга жакындыгы, ошондой эле Борбор Азиянын калган бөлүгүнө жеткиликтүүлүгү соода, транспорттун идеалдуу борбору болуусуна шарт түзөт.

Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн тегерек столдо айтты.

«Региондук ташууларда татыктуу роль ойноо зарыл. Кытай тарабынан ишке киргизилип, «Бир алкак жана жол демилгеси» катары таанылган Жаңы Жибек Жолу — ири инфраструктуралык долбоор, анын максаты, Азияны, Европаны жана Африканы унаа, темир жолдор, порттор жана башка инфраструктуралык долбоорлор тармагы аркылуу байланыштыруу. Кыргызстан бул долбоордо маанилүү роль ойнойт, анткени биздин өлкө Кытайдын Европа жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштырган стратегиялык жактан негизги транспорттук каттамдардын кесилишинде жайгашкан. Биздин өлкө бул долбоорго катышууга активдүү көмөк көрсөтүүдө, бул биз үчүн олуттуу инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрүн ача алат», — деди Жапаров.

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, Борбор Азиянын жалпы ИДПсы 347 млрд АКШ долларын түзөт. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылы акыркы 20 жылда 6 эсе өсүү менен 165,5 млрд АКШ долларын түздү. Өз ара соода тышкы соодага караганда тез темп менен өнүгүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби деңиз порту менен деңиз аркылуу эл аралык соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча да макулдашууга жетишкенин эске салды.

Ошондой эле Каспий деңизи аркылуу Орусияга жаңы эл аралык мультимодалдык коридор ачуу маселеси каралууда. Жаңы каттамдын кургактык аркылуу бөлүгү Кыргызстандан Өзбекстандын аймагы аркылуу Түркмөнстандын Балкан велаятындагы Түркмөнбашы деңиз портуна чейин өтөт. Андан ары жүктөрдү деңиз аркылуу Астрахань шаарындагы россиялык портко жеткирүү сунушталууда.

Copyright © 2017 Maral FM