Connect with us

28-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 27 Фев 2023 | 1152 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.  Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12,

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +9…+11 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM