Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12,
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +9…+11 градус болот.