Кыргызстанда 23-февралда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз өлкө аймактарында күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…+1,
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +15…+17 градус болот.