Connect with us

Бажы кызматынын төрагасына генерал-майор наамы ыйгарылды

Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 343 | 0

Президент Садыр Жапаров жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Конституциянын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, наам төмөнкүлөргө ыйгарылды:

— «милициянын генерал-майору» наамы — Боронов Мурат Самидиновичке;

— «милициянын генерал-майору» наамы — Абитов Тариель Таштановичке;

— «бажы кызматынын генерал-майору» наамы — Исабеков Самат Сатаровичке.

Мурат Боронов учурда Баткен облустук ички иштер башкармалыгын, Тариель Абитов Генерал-майор Эргеш Алиев атындагы Ички иштер министрлигинин академиясын жетектейт. Ал эми Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматына 2022-жылдын январь айында дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM