Connect with us

Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында дагы жер титиреди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2023 | 335 | 0

Түркиянын Сирия менен чектешкен аймагында дагы жер титиреди. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Очогундагы күчү 6.4 баллга жеткен силкинүү 20-февралда саат 20:04тө (Бишкек убактысы боюнча 23:04) Хатайдын Дефне аймагында болгон. Арадан 3 мүнөт өткөндөн кийин саат 20:07де ушул эле шаардын Самандаг аймагында күчү 5.8 баллга жеткен экинчи силкинүү катталган.

Алгачкы маалыматтар боюнча, Түркияда табият кырсыгынан 294 адам жаракат алган. Булардын ичинен 18инин абалы өтө оор. Ошондой эле алты адам уранды алдында калып каза тапкан, бир адам тирүү табылган.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан билдирүүдө буга чейинки зилзалада кулабай калган имараттар урап калганы, учурда уранды астында башка да адамдар бары-жогу изилденип жатканы айтылды.

Силкинүү Түркиянын он аймагына, ошондой эле Сирия, Египет, Ирак, Иордания, Ливан өлкөлөрүнүн бир катар аймактарына чейин жеткен.

Эскерте кетсек, 6-февралда алгач 7.8 баллдык, андан соң 7.6 баллдык эки жолку жер титирөө катталып, Түркиянын жана Сириянын бир нече шаары кыйрап калган.

Copyright © 2017 Maral FM