Connect with us

Атамбаевдин Батукаевге байланыштуу иши кайра каралат

Кыска кабар | 14 Фев 2023 | 268 | 0

Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Иш кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы 14-февралда кабарлады.

Атамбаевдин адвокаттары буга чейин ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо керектигин белгилеп, өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Жогорку Сотко кайрылышкан.

Батукаевдин иши боюнча мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева да айыпталып, 5 млн сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Алмазбек Атамбаев бардык сыйлыктарынан — II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратып, 11 жыл 2 айга камалган. Ошондой эле, анын үй мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик бардык наам-сыйлыктары артка чакыртылып алынган.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга кесилип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жазага тартылган эмес.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен «Манас» аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылы кайра иликтене баштап, октябрь айында сотко өткөн.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын августунан бери камакта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM