«HeadHunter Кыргызстан» кызматы кыргызстандыктар арасында штаттан тышкары, аралыктан иштөө канчалык кеңири жайылганын изилдеп көрдү. Аталган изилдөө HeadHunter сайтында (headhunter.kg) жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген бош орундардын жана талапкерлердин резюмелеринин анализинин негизинде даярдалган.
Анда айтылгандай, акыркы убакта кыргызстандыктар арасында аралыктан иштөө, иш күндөрүн ноутбук менен кафелерде өткөрүү же үйүндө иштөө популярдуу болууда.
Акыркы бир жыл ичинде headhunter.kg сайтында өзүн фрилансер катары эсептеген жумуш издөөчүлөрдүн саны үч эседен ашкан, тагыраагы, 243%га көбөйгөн.
Фрилансер болуунун артыкчылыктары жана кемчиликтери туурасында алдыда кеңири токтолобуз.
Жаштар арасында атайын бир жерге байланбай, штаттан тышкаркы кызматкер (фрилансер) болуп иштегендер арбын. Алардын басымдуу көпчүлүгүн чыгармачыл чөйрөдөгүлөр, медиа, IT тармагында эмгектенгендер түзөт.
Фрилансер — эркин жумушчу дегенди түшүндүрөт. Ал кеңседе отуруп, белгиленген убакыт ичинде иштебейт.
Мына ошондой эркин графикте иштегендердин бири: Акылай Бакешова. Ал 10 жылдан ашык убакыттан бери фрилансер. Ага мындай шартта иштөө абдан ыңгайлуу. Себеби убактысы чектелбейт, балдарына жана жакындарына да толук кандуу көңүл бурууга жетишет.
«Оңой кесип болбойт» же «ар бир кесиптин кемчиликтери бар» дегендей эле, ал фрилансер болуп иштөөнүн экинчи тарабын да айтып берди.
«Фриланс болуп иштөөнүн кемчиликтеринин бири – бул туруктуу айлыктын жоктугу. Мисалы, баарыбыз көнүп калганбыз: ай сайын түшө турган акча бар, ошого пландаштырып оокат кылабыз. Ал эми фриланста иштин көлөмүнө же долбоорлордун убактысына, санына жараша акча төлөнөт. Мындан сырткары баары эле азыр «фриланс болуп сырттан иштейм» дешет, бирок эгер адам изденбесе, аракет кылбаса, тажрыйбасы аз болсо, фриланс болуп иштөө өтө эле кыйын болуп калат».
Headhunter.kg өзүнүн сайтындагы резюмелерден улам, анализ кылып, Кыргызстанда фрилансер катары өз кызматтарын сунуштаган адистердин үч негизги тобун аныктаган. Алар IT адистери, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер, андан соң чет тилдерден котормочулар.
IT-адиси Халил Ибрагим фрилансерлер бир нече чет тилин билип, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мамлекеттерден буйрутма алып, долбоорлордун үстүндө иш алып баруу сыяктуу жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ деп эсептейт.
Бирок Кыргызстандагы бардык жаран фрилансер болуп кеткени туура болбосун, сөзсүз түрдө баланс сакталышы керектигин айтат.
«Жакшы фриланс адистер 200-300 доллардан аз алышпайт. Ал эми киберкоопсуздук боюнча же башка тармакта да фриланс болуп иштегендер андан да көп алышат. Бир нече долбоор менен иштесе, айына 1000 доллардан ашык акча алып калат».
Изилдөөгө ылайык, 2022-жылы штаттан тышкары иштегендер тажрыйбасына жана ыйгарым укуктарына жараша 24 миң сомдон 130 миң сомго чейин акы алышкан. Мындан улам штаттан тышкары иштеген кызматкерлердин айлыгы кеңсе кызматкерлеринин айлыгынан кем эмес деген тыянак чыгарылган.
«Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов Кыргызстанда фрилансерлердин көбөйүшү мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизерин белгиледи.
«Фрилансерлердин көп болуп жатканы өлкөнүн экономикасына абдан жакшы. Анткени өкмөттүн бирден-бир максаты жумуш орундарын көбөйтүү эмеспи. Эгер ар бир жаран фрилансер болуп өзүнө жумуш тапса, анан да алар жаңы кызматтарды, продукцияларды иштеп чыкса, албетте, мунун баары экономикага жакшы таасирин тийгизет».
Эркин иштөө ыкмасы учурда популярдуу болуп жатканы менен тарыхы орто кылымга барып такалат. Ал убакта бул термин жалданма жоокерлерге карата колдонулган. Учурда көпчүлүк фрилансерлердин жумушу жакшы деп ойлошот. Себеби өзүңө-өзүң жетекчи болуп, сааттап кеңседе отурбайсың.