Ош шаарынын «Жеңиш» аянтына белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрүн чагылдырган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, ОшМУнун проректору, шаардык мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү Мастура Шарипова, жаштар катышты.
Анын алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдер сыйланышты.
Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулду.