Биз менен байланышыңыз

Чүйдө аялдар үч күн акысыз онкологиялык ооруларга текшериле алат

Кыска кабар | 24 Янв 2023 | 225 | 0

Быйылкы жылдын 25-январынан 27-январына чейин Чүй облусунун айрым медициналык мекемелеринде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3 күн ичинде 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.

Текшерүүдөн өтүү үчүн айымдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, Энергетиктер шаарчасы, Зеленая көчөсү, 1 дарегине (стоматология имараты, №1, 2, 3 кабинеттери) саат 12:00дөн 16:00гө чейин кайрылса болот.

Ден соолукту чыңдоо борборунан белгилешкендей, аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо, жана дарылоо болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM