Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Беларусь мамлекетине жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Беларустун Коргоо министрлигинен кабарланды.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, аталган визит эл аралык аскердик кызматтыштыктын алкагында өтүүдө.
Буга чейин эки өлкөнүн коргоо министрлери телефондон сүйлөшүп, жолугушууга макулдашканы айтылган.