Connect with us

Курулуш агенттигинин мурдагы башкы эсепчиси кармалды

Кыска кабар | 23 Янв 2023 | 224 | 0

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде текшерүү жүргүзүлдү.

Агенттиктин айрым кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалынан пайдаланып, документтерди жасалмалап, эмгек акы төлөөнү шылтоолоп, агенттиктин С.Н.К аттуу башкы эсепчисинин өздүк эсептерине системалуу түрдө бюджеттик акчаны которуп турушкан.

Мындай аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылган.

Бул факт боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө, курулуш агенттигинин мурдагы башкы эсепчиси, азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» МИнин башкы эсепчиси болуп иштеген С.Н.К кармалды.

Бул кылмышты жасоого тиешеси бар кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM