Жазуучу, журналист Мурзапар Үсөн 75 жашында дүйнөдөн өттү. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 22-январь күнү туулган жери Кара-Булак айылында өтөт.
Мурзапар Үсөн 1948-жылы Баткен районунда туулган. 1981-жылы айгүл гүлүн коргоого алууну уюштурган. Бир топ роман, повесть, драма, публистикалык макалалардын, ырлар топтомунун автору.
2000-жылдан 2012-жылга чейин Баткен облустук жазуучулар бирлигинин бөлүмүн жетектеп келген.