Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга иш сапары менен 26-январда келерин экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Мирзиёев 2022-жылдын 10-декабрында Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү кабарланган. Бирок анын сапары кийинкиге жылдырылган.
Бишкекте 9-декабрда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген.
Мирзиёевдин Кыргызстанга сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт.