Connect with us

Бишкектеги мектеп автобустары 11-январдан тарта иштей баштайт

Кыска кабар | 7 Янв 2023 | 1382 | 0

Бишкектеги мектеп автобустары 11-январдан тарта кайрадан иштей баштайт. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан жеке компания билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы мектептердеги карантинден улам мектеп автобустары 16-декабрдан тарта ишин токтоткон. Шаршембиден баштап мектеп шаттлдары тесттик режимде кайра иштей баштайт.

Аталган пилоттук долбоордун жыйынтыгы 31-январда чыгарылат. Анда жеке компания мэриянын транспорт департаменти менен биргеликте анын алдыдагы ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алат.

Эске салсак, Бишкектеги мектеп автобустарынын долбоору 24-ноябрдан тарта иштей баштаган. Аны «Скул Бас» ЖЧКсы ишке ашырат.

Биринчи этапта алар 70, 29, 69 жана 13 мектеп гимназияларын тейлешет. Автобустар үчүн Транспорт департаменти менен биргеликте эки каттам иштелип чыккан: 1-автобус өз жолун «Ак — Ордо» конушунан, экинчиси — «Тунгуч» кичи районунан баштайт.

Алгачкы төрт күндө жол кире таанышуу максатында акысыз болуп, андан кийин бир тарапка 20 сом өлчөмүндө белгиленген. Төлөмдөр накталай кабыл алынбайт, карта менен ишке ашырылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM