Connect with us

Депутат: Чүйдө баш калкалап жаткан баткендиктерден министрдин орун басарынын кабары жок

Кыска кабар | 21 Дек 2022 | 288 | 0

«Баткендин Лейлек районунан келген 500дөй жаран Чүй облусунда убактылуу жашап жатат. Мындан Эмгек министринин орун басарынын кабары жок болгону өтө өкүнүчтүү» , — деди депутат Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында.

Алар сентябрда болгон Баткен окуясынан кийин жер которгон жарандар.

«Мүмкүнчүлүгү бар жердештерибиз аларды ар тараптуу колдоп, камсыздап, кээ бирлерин үйүнө алып кетип, карап жатышат. Мындан сиздин (Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев) кабарыңыз жок экен, бул өтө өкүнүчтүү» , — деди депутат.

Ал жакында Баткенден келген тургундар менен депутаттар жолугушканын жана анда жөлөкпул маселеси көтөрүлгөнүн айтты. Баткенден келгендер үчүн өзүнчө тизме түзүп, ушул жактан жөлөкпул алуусун көзөмөлгө алууну өтүндү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жөлөкпул маселеси боюнча жооптуу адистер иштеп жатканы айтты. Бирок өзүнүн кабары жок экенин моюндады.

Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып, жөлөкпул төлөнүүчү критерийлер Баткендин аймагы үчүн өзгөртүлөрүн маалымдады. Облус боюнча чек арада жайгашкан 68 айыл бар. Ошол айылдарга өзүнчө критерий каралат.

Copyright © 2017 Maral FM