Connect with us

Айтматовго «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» сыйлыгы тапшырылды

Кыска кабар | 14 Дек 2022 | 258 | 0

Президент Садыр Жапаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейине барып, анын көзү өткөндөн кийин ыйгарылган Алишер Навои атындагы «Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн» эл аралык сыйлыкты жазуучунун үй-бүлөсүнө тапшырды.

Ушул жылдын ноябрь айында Самарканд шаарында (Өзбекстан) Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынында бул сыйлыкты тапшыруу аземи өткөн.

Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов президентке музей, атасынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. 2023-жылы жазуучунун 95 жылдыгына карата боло турган иш-чараны талкуулашты.

12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун төрөлгөн күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун каза тапкан күнү. Мындан улам Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматов «12-декабрды Улуттук адабият күнү деп атоо жөнүндө» токтом долбоорун демилгелеп, 2011-жылдын 28-январында Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыккан. Токтом долбоор бир добуштан кабыл алынып, ошол күндөн тарта 12-декабрь расмий түрдө Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет.

Copyright © 2017 Maral FM