Connect with us

«Жабык оюну» менен белгилүү. Хорватия тууралуу эмнелерди билишибиз керек?

Блог , Спорт | 13 Дек 2022 | 587 | 0

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдын алгачкы оюну “Лусаил Иконик” стадионунда Аргентина менен Хорватиянын ортосунда болот.

Биз бүгүн Хорватия курамасынын бул оюнду жеңүү мүмкүнчүлүгү кандай экени жана артыкчылыктары менен кемчиликтери тууралуу талдап берели деп чечтик.

Алтынчы жолу дүйнөлүк чемпионатка катышып жатат

Улуттук кураманын тарыхындагы эң мыкты жетишкендик 2018-жылдагы дүйнө чемпионаты болду. Анда Хорватия финалга чейин жетип, Францияга 2:4 эсебинде утулуп калышкан. Бирок команданын капитаны Лука Модрич турнирдин мыкты оюнчусу деп табылган.

Буга чейин Хорватия 1998-жылы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болгон. Мындан улам, бул жолку чемпионатта тарых жаратуу үчүн Хорватия бар күчүн жумшай турганы анык.

Европа чемпионатынын алкагында Хорватия курамасында чоң жетишкендиктер жок. Улуттук курама бул турнирге беш жолу катышып, эки жолу чейрек финалга чыккан (1996, 2008). Футбол тарыхындагы эң ири жеңилүү 2018-жылы Испанияга каршы болгон (УЕФА Улуттар Лигасында 0:6).

 Машыктыруучу Златко Далич

Хорватия курама командасынын башкы машыктыруучусунун бир өзгөчөлүгү, акылдуу насаатчы кайсы командага келбесин, дээрлик бардык жерде натыйжага жетишкендиги.

2005-жыл Хорватиялык «Varteks» футбол клубун жетектеген. Даличтин биринчи сезонунда команда өлкө чемпионатында үчүнчү болуп, өлкө кубогунун финалына чейин жетип, кубокту жеңип алган.

2007-жыл «Риеки» клубунун башкы машыктыруучусу болгон. Машыктыруучунун жетекчилиги астында клуб 2007/08 сезонунда төртүнчү болду (ага чейин жетинчи болгон).

2010-жыл – Премьер-Лигага кайтып келген Сауд Арабиянын “Аль-Файсали” клубун жетектеген. 2010/11 сезонунда команда алтынчы орунду ээлеп, Далич Арабиянын Про-Лигасында жылдын мыкты машыктыруучусу деп табылган.

2017-жылдын 7-октябрында Златко Далич 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоодо чечүүчү беттештерди өткөргөн Хорватия курама командасын убактылуу жетектеген.

Ал улуттук курама команданы турнирдин финалдык бөлүгүнө алып барып, туруктуу негизде келишим түзгөн.

Оюнчулар

Эми футболчулар тууралуу айтсак, хорватиялык футболчулардын көбү Загребдин атактуу «Динамо» мектебинен өтүшкөн, ошондуктан алар бири-бирин эң мыкты тушүнүшөт.

Хорватия курама командасынын оюнчулары борбордук зона аркылуу жакшы чабуул жасайт. Бирок позициялардагы чексиз өзгөрүүлөрдөн улам коргонуу оюнчулары көп ката кетиришет, бул топту жоготууга алып келет. Шахматчандар бул кемчиликти жакшы билишет, ошондуктан алар атаандашынын тез чабуул коюу мүмкүнчүлүгүн азайтуу максатында кууш форманы колдонушат.

Негизги жылдыздар

Лука Модрич Хорватия курама командасынын капитаны. Ал 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттан кийин «Алтын топту» алган. «Реалдын» борбордук жарым коргоочусу 37 жашта. Ал тогуз жолу өлкөнүн эң мыкты оюнчусу деп таанылган жана беш жолу Чемпиондор Лигасын жеңген.

Иван Перишич талаадагы башкы эмгекчи. «Тоттенхэм» клубунун жарым коргоочусунун негизги өзгөчөлүгү – каалаган оюн системасына ыңгайлаша билүү. Футболчу «жуурканды өзүнө» тартпайт, ошондуктан көп учурда көшөгө артында калат. Анын талаадагы пайдасы баа жеткис.

Перишич дагы жашы келип калган оюнчулардын бири (33 жашта), бирок ал жакшы формада болсо, кийинки Дүйнөлүк чемпионатта дагы ойной алат.

Кимге көңүл буруу керек?

Йошка Гвардиол келечеги бар коргоочу. Хорватияда борбордук коргоочулар аз болгондуктан жаш футболчуну кунт коюп карап турушат. «Лейпциг» клубунун оюнчусу үчүн Катарда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионат анын карьерасына чоң бурулуш жасай турган оюндардын бири болушу мүмкүн.

Хорватия курама командасынын оюнчуларынын жалпы баасы 378,00 миллион еврону түзөт (Transfermarkt маалыматы боюнча).

Командалык иштөө жана тажрыйба

Хорватиялык футболчулар өз ара түшүнүшүүнүн эң мыкты деңгээлине ээ. Көптөгөн оюнчулар жеңиштерге жана жеңилүүгө дуушар болгон топ-клубдарда ойношот.

Хорватиялык футболчулардын орточо жашы 29 жаш. Бул оюнчулар үчүн ылдамдыкты тездетүү жагынан бир топ кыйын болоору белгилүү.

Златко Даличтин тарбиялануучулары буга чейин акылдуу футболго таянышкан, бирок эми коргонуу менен чабуулдун ортосунда дагы чоң тең салмактуулукту сактоого туура келет. Ал канчалык деңгээлде иштейт, алдыдагы жарым финалдык оюнда көрөбүз.

Месси кыялына жете алабы? Аргентина курамасы тууралуу эмнелер белгилүү?

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM