«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусун конституциялык мыйзам менен бекитип коюу эң туура кадам болоорун белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусун конституциялык мыйзам менен бекитүү менен эмнелерге өзгөртүү киргизилет?
- Мыйзам долбоорунун 24-беренесинде буга чейин «депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиги» деген жери жаңы редакцияда «депутаттын кол тийбестиги жана көз карандысыздыгынын кепилдиги» деп өзгөртүлүп жатат.
- Жогорку Кеңештин депутаты эл шайлаган адам катары элдин жана мамлекеттин коргоосунда туруп, кол тийбестик укугуна ээ.
- Жогорку Кеңештин депутаттын эч ким эч жакка алып кетүүгө укугу жок. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынын документин алып чыгууга, тыңшоого жана тинтүүгө жатпай тургандыгы өзүнчө пункт менен белгиленип жатат.
- Депутат өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгүө байланыштуу айткан иши жана берген добушу үчүн куугунтукттоого алынбайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын кантип чакыртып алса болот?
- Депутаттарды чакыртып алуу бир мандаттуу округдан шайланып келгендер үчүн шайлоочулардын 50%дан кем эмес колу менен чакыртып алууга болот.
- Партиялык система менен келген депутаттар эң аз алган партиянын добушу менен чакыртып ала алат. (Учурда «Ыйман Нуру» партиясы эң аз добуш менен өткөн)
- Бининчи кезекте демилгечилер тобу түзүлүп, аны Юстиция министрлигине каттоодон өткөрөт, андан кийин кол топтойт. Топтолгон колдор БШКнын кароосунан өтүп, андан кийин Жогорку Кеңешке келет.
- Жогорку Кеңеште аны карап чыгуу үчүн комиссия түзүлөт, алар карап чыккандан кийин гана чечим чыгат.
- Депутаттык комиссия жыйынтык менен макул болбосо, анда депутаттын эч кандай мандаты алынбайт.
Ошондой эле депутаттардын кол тийбестигине кол салган күнөөлүү адамдар Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартылат.