Биз менен байланышыңыз

«Сахароводан» текшерилген мекендештерден венерологиялык оорулар көп чыгууда

Кыска кабар | 7 Дек 2022 | 484 | 0

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Орусиянын Москва шаарындагы кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөрүп, алар «Сахароводагы» миграциялык медициналык борборунда кароодон өтүүдө, көпчүлүгүнөн венерологиялык оорулар чыгып жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, аталган дарт аныкталган кыргызстандыктарды бир гана клиникадан 18 миң рубль төлөп дарылануудан өтүүгө мажбырлап жатышат.

«Медициналык кароонун жыйынтыгында көпчүлүгүнөн венерологиялык оорулар чыгып жатыптыр. Жакшынакай үй-бүлөсү барлардын үй-бүлөлөрү бузулуп жатыптыр. 60 жаштагы ападан дагы мындай оору чыгыптыр. Медициналык кароодон 5700 рубль төлөп өтүшөт экен. Венерологиялык ооруларыңар бар деп аларды Ленин проспектисиндеги бир эле клиникага жөнөтүшөт экен. Клиникадан 18 миң рубль төлөп, дарыланышат экен. Бул жерде биздин жарандардын эсебинен коррупция же өздөрүнүн бизнесин жүргүзүп жатышкандай туюлуда», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигине, элчиликке тапшырма берүү боюнча президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM