Биз менен байланышыңыз

Жарандарды 77 млн сомго алдап кеткен адам Польшадан кармалды

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 169 | 0

Башкы прокуратура тарабынан 14 жаранга 77 млн сомдук зыян келтирип, алдамчылык фактысы менен айыпталган Б.М. аттуу жаранды Польшадан Кыргызстанга экстрадициялады. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокуратура аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги жана Улуттук прокуратурасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Жыйынтыгында, 1-декабрь күнү айыпталуучу Б.М. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алып келинген.

Айыпталуучуга Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган.

Ал Польша мамлекетинде Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM