Биз менен байланышыңыз

Сот Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтүн узартты

Кыска кабар | 2 Дек 2022 | 272 | 0

Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу 31-декабрга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Сот акимиаттын 1-декабрдагы жыйындарды чектөө боюнча чечимин күчүндө калтырды.

Мындай чечим менен Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусия элчилигинин жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттик администрациянын жана УКМКнын имаратынын алдында, Эркиндик проспектисинде Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин нааразылык акцияларды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынат.

Эске салсак, Биринчи Май райондук соту апрель айынан баштап Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусия элчилигинин жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттик администрациянын жана УКМКнын имаратынын алдында нааразылык акцияларды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.

Акцияларды Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький аянтында өткөрүүгө уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM