Биз менен байланышыңыз

Ибраев: Япония энергетика боюнча кызматташууга кызыкдар (видео)

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 221 | 0

Өкмөттүк делегациясынын Японияга жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалынын бет ачары болуп өттү. Энергетика министрлиги тарабынан даярдалган презентацияда кичи ГЭСтерди куруу жана жалпысынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасалган.

Бет ачардын жыйынтыгында 2022-жылдын декабрь айында Muroosystems Corporation компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн Кыргызстанга келүүсү боюнча макулдашууга жетишилгендигин энергетика министр Таалайбек Ибраев билдирди.

«Япониянын Muroosystems Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолуктум. Жолугушуунун алкагында алар энергетика тармагы боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын изилдөө үчүн алар Кыргызстанга 10-декабрдан кийин келүүсү боюнча макулдаштык», — деди Ибраев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM