Биз менен байланышыңыз

Депутат Осмонов Ош шаарынын мэринин себепсиз алмашуусун сынга алды

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 230 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов 30-ноябрдагы парламенттин жыйынында Ош шаарынын мэринин алмашуусун сынга алды.

Ал аткаруу бийлиги Ош шаарынын мэрин негизсиз алмаштырылып жатканыдыгын айтып, жакшы кадрларды дайындай албай жатса шаар тургундарына мэрди түз шайлоо укугун киргизүүнү сунуштады.

«Аткаруу бийлиги бир туруп анысын, бир туруп мунусун алып барат. Бул эмне деген нерсе? Элди мазактап жатабы? Алмаз Мамбетовду дайындады, ал жакшы иштеп келе жаткан, бирок анын иштери аягына чыкпай туруп башка бирөөнү коюп жатат. Аны алмаштурууга бир себеп болушу керекпи же жөн жерден алмаштырып кое береби?» , — деди Осмонов.

Мындан сырткары ал ооруканаларга балдар батпай жатканын, ага Бишкек шаарындагы кара түтүн себеп болуп жаткандыгын белгилеп, бул боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Кечээ президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулуп, анын ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM