Connect with us

Исхак Масалиев Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартты

Кыска кабар | 30 Ноя 2022 | 976 | 0

Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан депутат Исхак Масалиев ден соолугуна байланыштуу баш тартты. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия түзүү маселесин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясы сунуштаган.

Комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM