Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз почтасы» ишканасы ачык акционердик коом болуп өзгөрдү

Кыска кабар | 21 Ноя 2022 | 332 | 0

«Кыргыз почтасы» ишканасы 5-ноябрда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин астындагы ачык акционердик коом катары кайра уюштурулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Эми жаңы ачык акционердик коом катары түзүлгөндөн кийин андагы кызматкерлердин айлык акысы сөзсүз түрдө өсөт», — деди Иманов.

Ачык акционердик коом кылып түзүүдөгү максат почта байланышын, терминалдар аркылуу пенсия, жөлөк пул берүү сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, спектрин кеңейтүү, ошондой эле инвесторлорду тартуусуна мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM