Биз менен байланышыңыз

Токтогулда жалпы медициналык борборунун башчысы кармалды

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 165 | 0

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын кабарлашты.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылып, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды.

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгон.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган Ж.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM