Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөгө 1,5 миңден ашык айыл чарба техникасы алып келингени айтылды

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 227 | 0

Быйылкы жылдын 10 айында өлкөгө 1 миң 500 даанадан ашык ар түрдүү үлгүдөгү айыл чарба техникалары алып келинген. Бул тууралуу Айыл чарбасын механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаев бажы жана салык кызматтарынын маалыматына таянып билдирди.

Анын айтымында, техниканын жалпы санынын өсүүсү лизинг долбоорлорунун ийгиликтүү ишке ашышы жана дыйкандардын түз сатып алууларынын натыйжасында болууда.

“Айыл субъекттерге жалпысынан 10 жыл ичинде 8 млрд 852,8 млн сомго 4 миң 645 даана ар кандай үлгүдөгү айыл чарба техникалары лизингге берилген. Ал эми 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгында 2 млрд 549,3 млн сомго 869 даана айыл чарба техникалары берилген. Анын ичинен 331и трактор, 29у комбайн, 373ү атайын техника жана 132си айыл чарба шаймандары”, — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM