Биз менен байланышыңыз

Бишкекте V Жарандык форум өтүүдө

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 205 | 0

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте “Мага баары бир эмес” аталышындагы V Жарандык форуму өтүп жатат.

Аталган форумда “Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер”, “Жарандуулук билими”, “Жарандуулук жана мамлекет”, “Эркиндик, укук жана демократия” деген темаларда талкуулар уюштурулат.

Иш-чарага жарандык активисттер, саясат таануучулар, эксперттер, укук коргоочулар, блоггерлер, коомдук ишмерлер катышууда.

Форумдун алкагына “Жарандуулук үлгүлөрү” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулган. Сүрөт көргөзмөдө жарандык активисттердин, жарандык коомдун кылган аракеттери чагылдырылган.

Иш-чара кечки саат 18:00гө чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM