Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Жакында кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн президенти кол коет

Кыска кабар | 19 Ноя 2022 | 435 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев социалдык тармактарда мамлекеттик чек аранын талаштуу тилкелерин демаркациялоо жана делимитациялоо маселеси боюнча Тажикстан менен сүйлөшүү процесси кандай жүрүп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы талкуулар натыйжалуу журүп жатат.

Ташиев жакында эле Душанбеден кайтып келгенин, ал жерде кыргыз комиссиясын жетектеп тажик комиссиясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгиледи.

«Биз маселени чечүү үчүн аракет кылып жатабыз. Эгерде мурда ар ким өз позициясында туруп, бир пикирге келе албаган болсок, азыр биз тил табыша баштадык. Компромисстик жол менен чечүүгө эки тарап тең даяр.

Биз сунуш кылып жатабы, “келгиле, бул жерди силер алгыла, биз болсу ушул жерди алалы” деп. Кудай буюрса, жакын арада Тажикстандан бизге чоң делегация келет. Биз протоколго кол койдук. Эми макулдашууга киришебиз, анан макулдашууга кол коебуз, Жогорку Кеңешке барабыз, талкуулайбыз, депутаттар документти ратификациялайт, президенттер кол коюшат. Эки өлкөнүн көйгөйү чечилет», — деди ал.

Буга чейин президент парламентке Төрт-Көчө аймагы боюнча протоколго кол коюлгандыгы тууралуу маалымдаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM