Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад маселесин карайт

Кыска кабар | 17 Ноя 2022 | 416 | 0

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасына байланыштуу маселе каралары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришет.

Жыйынды УТРКнын, парламенттин жана башка телеканалдардын түз эфиринде көрсө болот.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасын, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун карап, жактырды.

Бирок тармактык комитеттин чечиминин легитимсиз болгонун бир топ депутаттар айтып чыгышты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорду добушка коердун жана чечим кабыл алардын алдында депутаттарды тактоо зарыл. Көпчүлүктү түзүш үчүн эң аз 8 депутат каттоодон өтүшү керек. Бирок чечим кабыл алууда 7 депутат гана катышкан. Мындай учурда регламент боюнча добуш берүү процедурасын кайрадан комитетке чыгарыш керек болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM