Connect with us

Студенттердин сынга кабылган сыйлыгы

Коом , Саясат | 14 Ноя 2022 | 1082 | 0

Кыргызстанда “Жаштар жумалыгы” уюштурулуп жаштарга багытталган бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын ичинде “Кыргызстандын мыкты студенти” тандалып алынып, аларга сыйлыктарды тапшыруу аземи болгон. Бул сыйлыктарды лауреаттар баштапкы төлөм катары ар бири 4 миң 500 сом төлөп алышкан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жана түрдүү пикирлерди жаратты. Айрымдар мындай сыйлык берүүнү ачык эле соодалашуу деп туура көрбөгөнүн айтса, кээ бирлери сыйлыктарды алуу бизнеске айланып, анын мааниси кетти деп эсептейт. Сыйлыктарды тапшыруунун критерийлери, чогултулган 4,5 млн сом акчанын кайда сарпталышы жана жаштардын сыйлыкка болгон көз карандылыгы тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Жаштар жумалыгына карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “Керемет Холдинг” компаниясы, “Аскар Салымбеков” коомдук фонду жана Салымбеков университети менен биргеликте “Келечек” жаштар платформасынын алкагында “Кыргызстандын мыкты студенти” тандалып алынган.

“Кыргызстандын мыкты студенти” иш-чараны өткөрүү жана сыйлыктарды тапшыруу аземи толугу менен “Керемет Холдинг” компаниясы тарабынан уюштурулган. Башка мекемелер жана уюмдар колдоо гана көрсөткөнү белгилүү болду.

Аталган компаниянын жетекчиси Жакшылык Бекназаров ушул сыяктуу сынак коңшу Казакстанда да өткөрүлүп келгенин айтып берди. Мындан улам студенттерге шык берүүчү сынакты Кыргызстандын өз форматында иштеп чыгуу идея жаралганын, муну министрлик колдоп бергенин белгиледи.

Ал студенттер эки критерий менен тандалып алынганын түшүндүрдү:

Студенттин буга чейин жетишкен ийгиликтери көрсөтүлүшү зарыл жана “Кыялымдагы Кыргызстан” аттуу темада дил баян жазылышы шарт болчу.

Жалпысынан 500дөн ашык билдирме келип түшүп, ичинен 100 гана студент тандалып алынган.

Бекназаров сыйлыкты уткан студенттерден 4 миң 500 сом каражаттын сарптылышын мындай түшүндүрдү:

“Бардык 500 студентке эмес, анын ичинен тандалып алынган 100дөн ашуун студентке: “Сиз сынактан өттүңуз, бирок сынактын спонсорлору жок болгондуктан, долбоор өзүн өзү каржылоо жолу менен өтөт. Уюштуруу акысы – 4 миң 500 сом”, — деген маалымдама жиберилген. Бул каражаттын ичине: грамота, медаль, трансфер, Ата-Бейитке болгон экскурсия, жол кире, концерттик программа, өздөрүнүн тамак-ашы кирет. Мунун баары катта жазылып түшүндүрүлгөн. Бул алгачкы төлөмдү көтөрө алам дегендер макул болуп катышкан болчу. Эч кандай мажбурлоо жок. Бул каражат толук кандуу уюштуруу иштерине жумшалган. Жеке кол-чөнтөктөргө салынып кеткен эмес”.

Бекназаров кошумчалагандай, долбоорго катышуу үчүн атайын квоталар да каралган. Үй-бүлөлүк жана башка шарттарга байланыштуу төлөй албаган студенттер долбоорго акысыз катышкан.

Маданият министрлигинин Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бердиев аталган иш-чарага министрлик маалыматтык колдоо гана көрсөткөнүн түшүндүрүп берди.

Анын билдиришинче министрлик студенттерди тандап алуу критерийлерине аралашкан жок. Мындан сырткары, студенттерден 4 миң 500 сом өлчөмүндө акча чогултулулуп жатканы туурасында кабары болгон эместигин кошумчалады.

“Маданият министрлигине жеке сектордон аталган иш-чараны уюштуруу боюнча сунуш келип түшкөн. Биз эч кандай каршылыгыбыз жок, тескерисинче жакшы болорун айтканбыз. Министрлик жөн гана маалыматтык колдоо көрсөттүк. Мындан сырткары иш-чараны А.Малыдбаев атындагы Опера жана балет театрында өткөрүүгө уруксат алып бергенбиз. Башка финансылык жагына, студенттерди тандоо критерийлерине министрлик аралашкан жок”. 

Бердиев бүгүн уюштуруучулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, чогултулган акча каражат жана чыгымдар боюнча министрликке отчёт жана коомчулукка маалымат берилерин билдирди.

Атын атагысы келбеген студент былтыр өлкөнүн мыкты студенттеринин катарына кирип сыйлык алган. Быйыл болсо ал бул сыйлыкка өзүнүн студенттерин көрсөткөн.

Анын пикиринде аталган сыйлык студенттерге мотивация берет.

“Мурда атайын студенттер үчүн каралган сыйлыктардын жок болгонуна ичим ооруп жүргөн. Мисалы студенттерге мотивация, стимул бере турчу сыйлыктар жок болчу. Президент тарабынан берилген стипендиясы гана болбосо, башка мамлекеттерге салыштырмалуу биздин көкүрөгүбүзгө медаль, төш белги тага турган сыйлыктар болбогондугу өкүндүргөн. Мен былтыр бул сынак жөнүндө укканда кубанып, дароо катыштым”.

Былтыр аталган сынакка студент Курманбек Айдаров да катышкан. Ага жеңиши тууралуу каты менен кошо сыйлык алуу үчүн 3 миң 500 сом алгачкы төлөмдү төлөө керектиги тууралуу да маалымдама келген. Айдаров сыйлык жана наам сатып ала турчу нерсе эмес экенин белгилеп, сыйлык алуудан баш тартканын айтып берди.

“Сынакка катышкандан кийин мага “өттүңүз” деген куттуктоо кат келген. Ошол жерде алгачкы төлөм жөнүндө да малымат берилип, жазылган. Сыйлыкты, наамды сатып алганга болбойт го деп аябай ойлондум. Намысым, абийрим сатып алууга жол бербеди. Бул нерселер бир мекеменин, мамлекеттин же бир адамдын атынан бекер эле берилүүчү нерсе деп ойлойм. Ошондуктан уткан сыйлыгымда сатып алуудан баш тарткам”.

Ал эми IT адиси Чыңгыз Сүйүнбек уулу ушул сыяктуу өңүттөгү сыйлыктардын тапшырылышы — коомдогу жаштардын арасындагы активдүү жүргөн катмардын көпчүлүгүнүн өзүнө болгон ишениминде өксүк бар экенинин далили катары сыпаттайт.

Анын пикиринде калыстар тобу атайын критерийлер менен студенттердин жетишкендиктерин күчтүү электен өткөрө турганда гана жакшы натыйжа болмок.

“Негизи студенттердин ийгиликке жетип жатканын же жетпегенин бир уюмдар же университеттер аныктабайт. Акыркы убакытта мындай сыйлыктардын баркы кетип бара жатканы ачык даана көрүнүп калды. Мындан сырткары дагы бир маселе, азыркы жаштар, орусча айтканда “для галочки” эле семинарларга, окутууларга катышып, фотоотчёт кылганды адат кылып алышты деген ойдоймун”.

“Кыргызстандагы экономикалык, социалдык жана саясий абал начар болуп турганы баарына белгилүү. Ошол себептен сыйлык алуу үчүн эмес, мамлекеттин абалын жакшыртып анын келечеги үчүн салым кошуу керек”. Мындай пикирин Бишкектеги менчик мектептердин негиздөөчүлөрүнүн бири Жакшылык Матанов билдирди.

Ал сыйлыкты акча менен алууну туура көрбөгөнүн, бул эл арасында бөлүнүп-жарылууну пайда кылып, түшүнүксүз жагдай жаралып жатканын айтат.

“Кыргызстанды бардык нерсе сыйлыкка көз каранды болуп калды. Бул Советтер союзунан калган түшүнүк, азыркы заманда муну туура эмес деп эсептейм. Албетте эгер студенттер арасында ачык-айкын, атайын сынак, тест менен жогорку упай алган 100 мыкты студент тандалып алынса – башка сөз. Ал эми тааныш-билиш аркылуу мыкты кылып коюу туура эмес. Ал аз келгенсип, муну Маданият министрлиги кошулуп кылып жатканы, 4 миң 500 сомдон алып жатканы – акылга сыйбаган нерсе. Эмне мүмкүнчүлүгү жоктор мыкты боло албайбы? Деген суроо туулат. Түшүнүксүз жагдайлар көп”.

Кыргызстанда мамлекет тарабынан алдыңкы 50 студентке президент тарабынан атайын стипендия чегерилет. Ал эми чет өлкөнүн престиждүү окуу жайларында билим алуу үчүн стипендия каралып, ал ушул жылдан тарта бериле баштады.

Copyright © 2017 Maral FM