Connect with us

Түрк мамлекеттеринин саммити — туугандык институтту калыбына келтирүү аракети

Саясат | 11 Ноя 2022 | 866 | 0

Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчыларынын тогузунчу саммити Өзбекстандын тарыхый шаары Самаркандда өтүүдө. Анда «Түрк цивилизациясынын жаңы доору: жалпы өнүгүү жана гүлдөп өнүгүүгө карай» деген теманын айланасында сөз болуп, экономикалык, транспорттук жана соода маселелери талкууланды. Саммит жети өлкөнүн катышуусунда өтүп, анда уюмдун алдыдагы беш жылга стратегиялык планы кабыл алынды. Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы болуп дайындалды. Саммиттин жүрүшү жана Уюмдун келечегине алдыда кененирээк токтолобуз. 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев тарабынан Самаркандда уюштурулган Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчыларынын тогузунчу саммитинде президент Садыр Жапаров түрк өлкөлөрүн соода мамилелерин кеңейтүүгө чакырды. Жапаровдун баамында, учурдагы кризис шартында өлкөлөр уюмдун ичиндеги соода алакаларын кеңейтүү жана жаңы жеткирүү ыкмаларын табуу үчүн дагы тыгыз кызматташуусу зарыл.

Президент белгилегендей, 2021-жылы Кыргызстан менен Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү 40 %га өскөн.

«Өлкөлөрүбүздүн экономикалары коронавирус пандемиясынын терс таасиринен али толук чыга элек жана эл аралык чыңалуудан улам жаңы сыноолорду баштан кечирүүдө. Экспортту жана импортту көбөйтүү үчүн сооданын түзүмүн оптималдаштыруу, экспортко багытталган биргелешкен өндүрүштү түзүү, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү зарыл.
Соода-экономикалык кызматташтыгыбызды мындан ары прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн транспорт маселеси дагы чоң мааниге ээ. Маалым болгондой, жакын арада биз «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоону пландаштырып жатабыз. Бул долбоор батыш өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү менен бирге, Транскаспий транспорттук маршрутунун иштеп жаткан темир жол линияларын жана автомобиль байланыштарын толуктайт».

Садыр Жапаров мындан сырткары учурда дүйнөдөгү туруксуз кырдаал менен катар, аймактык коопсуздук маселелери алдыңкы планга чыгып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирип, мындай абалда өлкөлөр тыгыз кызматташууну, сый-урматты жана бирикдиктүү аракеттенүүнү талап кыларын кошумчалады.

Жыйында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын тынчтыкты ортонууга болгон аракеттерин белгилөө менен Түрк инвестициялык фондун мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруунун уюмга пайдалуу болоорун билдирди.

«Биз Азербайжанга адилеттүү күрөшүндө болгондой эле тынчтыкты ортонуу аракеттерине да колдоо көрсөтөбүз. Украинада (Орусия менен) 9 айга созулган кагылышуулардын адилеттүү тынчтык жолу менен аякташы үчүн аракет кылып жатабыз, азык-түлүк кризисинин алдын алуу үчүн да керектүү чараларды көрүүдөбүз. 2014-жылдан бери дүйнөдө эң көп качкындарды кабыл алган өлкөбүз. Болжол менен 5 миллион эзилген адамдарды коноктоп жатабыз. Мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана башкаруу жаатында кызматташуубузду кеңейтүү, ушул алкакта бирдиктүү коопсуздук концепциясын иштеп чыгуу туура болот.

Белгилей кетсек, Саммитте Түркиянын президенти «Түрк дүйнөсүнүн жогорку медалы» менен сыйланып, ал бул сыйлыкты өзүнө чоң жоопкерчилик жүктөй тургандыгын белгиледи.

Түрк мамлекеттери уюмунун түзүлүшү адамзаттын жакынкы жаңы тарыхында болуп жаткан жаңы көрүнүш. Адегенде бул «Түрк консейи же Түрк кеңеши» деп аталып, 1999-жылы түзүлгөн. Түрк кеңеши өткөн жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммиттен кийин Түрк мамлекеттер уюму деп аталып, эл аралык уюмга айланган. Ага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мүчө жана Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу макамында.

Маданият, тил жана тарыхы бир болгон Түрк мамлекеттеринин биригиши экономикалык, маданий жактан конструктивдүү ойлорду бириктирип,  аны ишке ашырууда чоң күчкө ээ боло тургандыгын профессор Сулайман Кайыпов белгилейт.

«Түрк мамлекеттери тууган мамлекеттер болуп биригип жаткандан кийин туугандыктын негизинде иш жүргүзүлөт. Туугандык институт жоюлуп кеткен, ошону кайра калыбына келтирип, туугандыктын негизинде мамлекеттер жакындашып, бир-бирине жардамдашып, бир-биринин маселелерин орток чечип, андан кийин жалпы адамзатка пайдалуу иштерди жасашат. Эгерде ушул уюмга мүчө беш мамлекет өнүгүп кете турган болсо, анда жалпы адамзат өнүктү деген кеп. Бул Түрк мамлекеттер уюмунун келечеги абдан кенен, Кыргызстан анын ичинде тең укуктуу мамлекет болуп турат. Беш мамлекет биргеликте иш жүргүзө турган болсо, көп жеңиштерге жетишип, жалпы адамзатка көп пайдалуу иштерди жасайт».

Бүгүнкү жыйында түрк өлкөлөрү мамилени бекемдөө, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, байланыштарды жакшыртуу жана туруктуулук маселелерин көтөрүштү. Түркий мамлекеттердин калкынын саны 150 миллион чамасында, алардын жалпы аянты 4,5 миллион чарчы километрди түзөт. Жалпы ИДП болжол менен 1,5 триллион долларга бааланып, дүйнөлүк экономикада 13-орунду ээлейт.

1993-жылы Ташкентте Бүткүл дүйнөлүк түрк тилдүү элдердин конференциясы өтүп, анда биринчи маселе катары түрк тилдүү элдер экономикалык жактан бирдиктүү иш алып баруу маселеси Түркия тарабынан коюлган. Бирок Орто Азия өлкөлөрү өз ара ынтымагы жоктугунан жана саясий жактан бул уюмга маани бербей келгендиктен, түрк мамлекеттеринин экономикалык биримдик маселеси бүгүнкү күнгө чейин аксап келе жаткандыгын экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев белгилейт.

«Азыр түрк тилдүү мамлекеттердин биримдигинин кайрадан жанданышы Түркиянын дагы да болсо бизден үмүт үзбөй, түрк тилдүү мусулман өлкө катары кабыл алып жаткандыгын туура түшүнүү керек. Келечек Орто Азиядагы 5 өлкөнүн президенттеринин деңгээлине, саясий абалына жана экономикалык билимине жараша болот. Эгерде биздин интеллектибиз төмөн болуп, башкаруучуларыбыздын башы бирикпесе, өзүбүздүн өлкөбүздүн ичинде экономикалык концепциябыз жок болсо, анда албетте келечек жок. Бирок барыбир түрк тилдүү элдердин биригүүсү азыркы дүйнөлүк кайра жаралуу мезгилинде керектүү нерсе. Келечекте бирибизди бирибиз коргой турган, жардам бере турган чоң уюм, андыктан мунун келечеги чоң». 

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Алар  Самарканд декларациясы, соодага көмөктөшүү стратегиясы, эл аралык бириктирилген ташуулар, бажы коридорлорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуулар.

Түрк мамлекеттери уюмунун өлкө башчылары Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевди уюмдун жаңы баш катчысы катары дайындады.  Түрк мамлекеттер уюмунун керерки саммити Казакстандын Астана шаарында өтөт.

Түрк мамлекеттеринин уюму 2009-жылы эл аралык өкмөттөр аралык уюм катары Түрк мамлекеттеринин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү максатында түзүлгөн. Анын төрт уюштуруучу мүчөсү — Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия. 2019-жылдын октябрында Бакуда Өзбекстан толук кандуу мүчө катары уюмга кошулган. Венгрия 2018-жылдын сентябр айында уюмга байкоочу статусун алган. Ал эми 2021-жылдын ноябрында Түркмөнстан уюмга Байкоочу мүчө катары кошулган.

Copyright © 2017 Maral FM