Connect with us

Садыр Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 316 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарына Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекеттердин лидерлери уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун декларациясын жана стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда.

Ошондой эле, саммиттин жүрүшүндө уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргызстандын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы саммиттин ишине Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркиянын башчылары катышат.

Алдыдагы саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу өлкөлөр катары катышат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM