Биз менен байланышыңыз

Сот Али Шабдан менен Перизат Суранованы абакта калтырды

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 217 | 0

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активисттер Али Шабдан менен Перизат Суранова баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун арызы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аларды 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарышкан.

Али Шабдан менен Перизат Суранова Кемпир-Абад окуясы боюнча башка камалгандар сыяктуу эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелишүүдө.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Бүгүн ошондой эле саат 10.30да жарандык активист Атай Бейшенбектин, саат 11.20 Таалай Мадеминовдун, саат 15.30да Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, саат 16.00дө Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова менен саясатчы Кубанычбек Кадыров, саат 16.40та Нурлан Асанбековдордун баш коргоо чарасы каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM