Биз менен байланышыңыз

Гульнара Журабаева 20-декабрга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 9 Ноя 2022 | 253 | 0

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган БШКнын мурдагы мүчөсү Гульнара Журабаеванын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочусунун арызы каралып, аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Сотто Гүлнара Журабаева президентке кайрылып, өз жарандарын душман көрбөөгө чакырды. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча референдум болуш керектигин билдирди.

Бүгүн ошондой эле, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин, саат 10.00дө жарандык активист Али Шабдандын, саат 10.30да жарандык активист Атай Бейшенбектин, саат 11.20 Таалай Мадеминовдун, саат 15.30да Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, саат 16.00дө Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова менен саясатчы Кубанычбек Кадыров, саат 16.40та Нурлан Асанбеков жана саат 17.00дө саясатчы Перизат Сурановалардын баш коргоо чарасы каралат.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 26га жетти. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM