Биз менен байланышыңыз

Британ элчиси Чарльз Гаррет Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктады

Кыска кабар | 8 Ноя 2022 | 280 | 0

Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гаррет Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын мөөнөтүнөн мурда аяктап жатканын социалдык баракчасына жарыяларды.

«Лондондон ысык салам! Жеке жана үй-бүлөлүк себептерден улам Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси кызматым аяктады. Кетип жатканыма байланыштуу кайгырып турам, бирок мен эң кооз өлкө — Кыргызстанда жашаган жана иштеген үч жылдан ашык жылдарды жакшы сезимдер менен эстейм», — деп жазган Чарльз Гаррет.

Ал белгилегендей, азыркы тапта Кыргызстан татаал кыйынчылыктарга туш болууда, бирок креативдүү, эркиндикти сүйгөн адамдардын жардамы менен мамлекеттин гүлдөп өсүшүнө ишенет.

Эске салсак, Чарльз Гаррет Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2019-жылдын мартында дайындалган. Ал көп учурда кыргыз тилинде сүйлөгөн сөздөрү менен кыргызстандыктарды таң калтырчу.

Ал Кыргызстанда жүргөндө тартылган сүрөттөрү менен бөлүштү:

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM