Кыргызгидромет борбору билдиргендей, жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келшен шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15,
Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +9…+14,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +10…+15,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,
Нарында түнкүсүн -4…1 , күндүз +5…+10.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +12…+14.