Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушту

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 266 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда Кыргызстанда аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Атап айтканда, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус, Германиянын элчиси Габриэла Геллил, Америка Кошмо Штаттарынын ишенимдүү өкүлү Соната Коултер жана Улуу Британиянын ишенимдүү өкүлү Энн Херриган менен жолугушуу болду.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу окуялар, ошондой эле сөз эркиндигинин абалы жана өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ар дайым мыйзамдуулуктун принциптерине берилгендигин, адам укуктары менен эркиндиктери өлкөдөгү эң жогорку баалуулуктардын бири экенин белгиледи.

Ошол эле учурда эркиндик жоопкерчиликке, жоопкерчилик эркиндикке алып бараарын, канчалык эркиндик көп болсо, ошончолук жоопкерчилик арта турганын кошумчалады.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — учурдагы мыйзамдарды катуу жана так сактоо жана аткаруу экенин белгиледи.

Дипломатиялык корпустун өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга токтолуп, эл аралык уюмдар жана журналисттер менен биргеликте Баткен облусундагы талкаланган социалдык жана инфраструктуралык объектилер менен жеринен таанышып, каргашалуу окуянын масштабына кейигендерин белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров ар кандай коомдук топтор менен бардык маселелер боюнча активдүү диалогго даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM