Connect with us

БУУ Кыргызстандагы журналисттерге жасалган кысымга тынчсызданууда

Кыска кабар | 4 Ноя 2022 | 368 | 0

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитети дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык расмий келишимдин (Пакт) аткарылышы тууралуу корутундусун жарыялады.

Эл аралык келишимге кол койгон мамлекеттер анын аткарылышы боюнча комитетке мезгил-мезгили менен отчет берип турууга тийиш.

Корутундуда айтылгандай, комитет укук коргоочуларга, юристтерге, саясатчыларга, журналисттерге жана башкаларга өз ой-пикирин билдирүү үчүн жасалып жаткан кысым, куугунтуктоогө тынчсыздануусун билдирген. Айрыкча, бийликке каршы сын айткандарды, блогерлердин жана журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатканын сынга алды.

«Коомдук кызыкчылыкты туудурган маселелер боюнча сын билдирүүлөргө бөгөт коюу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо сунушталат. Камакта отурганда кыйноолордон каза болгондор тууралуу маалыматтар комитетти катуу тынчсыздандырууда. Өзгөчө, өмүр бою эркинен ажыратылгандарды камакта кармоонун начар шарты тынчсыздандырат. Комитет Кыргызстанды камактагы бардык өлүм учурларын тез арада иликтөөгө, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүгө чакырды» , — деп айтылат маалыматта.

БУУнун комитетинин корутундусунда Кыргызстандан тышкары, Япония, Эфиопия, Никарагуа, Орусиядагы жарандык жана саясий укуктардын бузулушу боюнча айтылат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM